Нуркыз Рыскул кызы - «Тууган-Душман»
Душманым бар учурашкан өбүшүп,Тууганым бар чай ичпеген көрүшүп.Бул экөө тең эртең көзүм жумулса,Буркурашат жалган көз жаш төгүшүп.
Көз көрсөтүп сынамакка келишет,Көңүл улап, элди туурап кейишет.Менсиз эле жашап жүргөн мурдатан,Мен жок эле жыргап жашай беришет.
Бирок тирүү жүргөнүмдө тузактап,Бирден кыркып шактарымды бутактап.Баягы эмне болуп кетээр экен деп,Бакылдашат бар күчүнчө ушактап.
Бул экөөнө куласам да баары бир,Буттан чалса дешет бирөө дагы бир.Аларга мен сунган менен ашымдын,Ачуусу да, таттуусу да даамы бир.
Душманым бар учурашкан өбүшүп,Тууганым бар чай ичпеген көрүшүп...
— TDKŞB, 5 avqust 2026





Şərhlər
0Söhbətə qoşulmaq üçün daxil olun
GirişSöhbətə ilk siz qoşulun.