Tolgonay Sariyeva - Баарын таштап өтмүшкө изиң суутуп TDKŞB · 11.09.2026 Баарын таштап өтмүшкө изиң суутуп, Бакыт издеп кеткенсиң таба алдыңбы? Көк таш болуп муздаган көңүл ээрип, Көз жаш жуубай калдыбы жамалыңды? Эсимде жок, эстөө да кыйын мага, Элесиңди кунарсыз салкын күздөй. Күсөп көңүл муңайым көздөрдүңдү, Күткөнүм чын жол карап күдөр үзбөй. Күтпөй калдым мерездик жеңип акыр, Күчкө толду үлбүрөк жаш жүрөгүм. Козгоп албай унтулган жараатыңды, Коломтосун өчүрбөй жак бүлөңдүн. Мен көндүм жалгыз өмүр кечирүүгө, Көндүңбү апа, бактылуу болгонго сен. Эртеңиме артылып чоң үмүтүм, Эми үйрөндүм максатым койгонго мен. Эми унутуп элесиң, сенсиз “Апа” Эми көндүм бактылуу болгонго мен! — https://www.tdksb.org/works/sariyeva-tolgonay-sultankbekovna-baaryn-tastap-otmusko-izin-suutup