Sözümüz bir, dünyamız bir.
HaqqımızdaƏlaqəTDKŞB · 2025
Tolgonay Sariyeva - Көп күттүрбөй сагынганда кел деген
Şeirlər · Кыргызча

Tolgonay Sariyeva - Көп күттүрбөй сагынганда кел деген

Көп күттүрбөй сагынганда кел деген,Көздөрүмдүн кыйкырыгын укпадың.Бүлүндүрбөй сезимимди сен деген,Бүгүн дагы катың күтүп уктадым.

Күндөр менен кошо өтөөр деп элесиң,Күткөн сайын сагынычым күч алды.Сейил бакта сезимдерди эстетип,Сен мага бир кат жазып кой күз алды…

Укпай калам ырларыңды бир күнү,Унтулаарсың арасында бир жаздын.Экинчи ирет арзууң менен коштошуп,Эч болбосо эсте калаар ыр жазгын.

Акыркы ирет сүйүүң менен коштошуп,Айыктыраар жүрөгүмдү ыр жазгын.

— TDKŞB, 14 sentyabr 2026

Şərhlər

0

Söhbətə ilk siz qoşulun.

Digər şeirlər

Hamısına bax