Sözümüz bir, dünyamız bir.
HaqqımızdaƏlaqəTDKŞB · 2025
Xəbərlər

Sariyeva Tolgonay Sultankbekovna - Kırgızistan

Sariyeva Tolgonay Sultankbekovna - Kırgızistan

ӨМҮР БАЯН

Мен, Сариева Толгонай Султанбековна, 2004-жылдын 4-декабрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда төрөлгөм. Үй-бүлөдө жалгызкызмын. Атам каза болгон. Апам учурда башка турмушта. Азыркы учурда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин Элдик музыка факультетинин этно-фольклордук ансамблдын менеджери, педагог адистигинин элдик ырдоо адистешүүсү боюнча 4-курсту аяктадым. Устатым - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маданияттын мыкты кызматкери Кундуз Таштаналиева. Ошондой эле «Жаңы Толкун» адабий клубунун мүчөсүмүн. Ыр жазуу, төкмөлүк өнөр жана элдик ырдоо багыттарында чыгармачылык менен алектенем. Окуу жылдарында бир катар Республикалык сынактарга жана фестивалдарга катышып, ийгиликтерге жетиштим. Алардын ичинен:

- 2025-жылы “Үчүнчү ачык Бишкек Дельфы” оюндарында элдик ырдоо багыты боюнча II орунду;

- 2025-жылы Кадырбек Аблабековдун элесине арналган поэзия фестивалынын финалисти;

- «Жаш акын – 2025» Республикалык сынагында V орунга татыктуу болдум.

- 2025-жылы Байдылда Сарногоевдин урматына Талас шаарында өткөрүлгөн Республикалык поэзия сынагында II орунду;

- 2026-жылы Ч.Турсунбеков атындагы Республикалык поэзия фестивалынын лауреаты болуп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жана сертификат менен сыйландым.

- 2026-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинде өткөн жаш төкмө акындардын Республикалык айтышында Баш байгеге ээ болдум.

Мындан сырткары, чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүгүм үчүн көптөгөн Республикалык жана эл аралык сынактардын дипломдорунун, Ардак грамоталарынын, Ыраазычылык каттарынын жана сертификаттарынын ээсимин. Келечекте кыргыздын төкмөлүк өнөрүн, поэзиясын жана элдик ырчылык салтын өнүктүрүүгө өз салымымды кошууну максат кылам.

ÖZGEÇMİŞ

Ben, Sariyeva Tolgonay Sultankbekovna, 4 Aralık 2004 tarihinde Kırgızistan’ın Celal-Abad Bölgesi, Nooken ilçesinde doğdum. Ailenin tek kızıyım. Babam vefat etti. Annem şu anda başka bir evlilik yapmıştır.

Hâlihazırda B. Beişenaliyeva Kırgızistan Millî Kültür ve Sanat Üniversitesi Halk Müziği Fakültesinde, Etno-Folklorik Topluluğun yöneticiliği ve pedagojik uzmanlık alanında, halk müziği söyleme dalında 4. sınıf eğitimimi tamamladım. Hocam, Kırgız Cumhuriyeti Kültürüne Emek Veren Sanatçı ve Kültürün Başarılı Çalışanı Kundüz Taşтанaliyeva’dır.

Aynı zamanda “Yeni Dalga” Edebiyat Kulübünün üyesiyim. Şiir yazarlığı, doğaçlama ozanlık sanatı ve halk müziği icrası alanlarında çalışmalarımı sürdürmekteyim.

Eğitim hayatım boyunca çok sayıda ulusal yarışma ve festivale katılarak çeşitli başarılar elde ettim. Bunlardan bazıları şunlardır:

  • 2025 yılında düzenlenen “Üçüncü Açık Bişkek Delfi Oyunları”nda halk müziği söyleme dalında ikincilik ;
  • 2025 yılında Kadırbek Ablabekov’un anısına düzenlenen Şiir Festivali’nin finalisti ;
  • “Genç Şair – 2025” Ulusal Yarışması’nda beşincilik ;
  • 2025 yılında Baydılда Sarnogoyev’in anısına Talas şehrinde düzenlenen Ulusal Şiir Yarışması’nda ikincilik ;
  • 2026 yılında Ç. Tursunbekov adına düzenlenen Ulusal Şiir Festivali’nde ödüle layık görülerek , 200.000 (iki yüz bin) Kırgızistan somu tutarında para ödülü ve sertifika ile ödüllendirildim;
  • 2026 yılında Kırgız-Türk Manas Üniversitesi’nde düzenlenen Genç Doğaçlama Ozanlar Ulusal Atışmasında büyük ödülün sahibi oldum.

Bunun yanı sıra, sanatsal ve toplumsal faaliyetlerim dolayısıyla çok sayıda ulusal ve uluslararası yarışmanın diplomalarına, onur belgelerine, teşekkür mektuplarına ve sertifikalarına sahibim.

Gelecekte Kırgızistan’ın doğaçlama ozanlık sanatının, şiirinin ve halk müziği geleneğinin gelişmesine katkıda bulunmayı amaçlıyorum.

Өрүлүп келемин туулгандан,

өмүрдүн ак-кара жибине.

Айландым сезимге бул кыштын,

ак кары жаап өтүп дилиме.

Дүйнөгө келгенде эң алгач,

– ай менен киндигим туташкан.

Ай толот ай сайын, коркчумун,

асмандан толо албай кулаштан.

Өткөндү өткөнгө калтырып,

өмүрүм эртеңге табыштайм!

Өзүмө айтылган ант ушу:

өкүнбөйм, өксүбөйм, жабыкпайм!

Күлгөндү үйрөнөм кайрадан,

күндөрдү унутуп "оор" деген!

Жүрөмүн токтоосуз эми мен,

жүрөгүм баштаган жол менен!

Əlavə edilib
03:37
Oxunma
55
Oxuma müddəti
3 dəq oxu
Orijinal dil
Кыргызча
Paylaş:FacebookXTelegramWhatsApp

Şərhlər

0

Söhbətə ilk siz qoşulun.