Нуркыз Рыскул кызы - «Тууган-Душман» 05 Avqust 2026, 15:40
«Тууган-Душман»
Душманым бар учурашкан өбүшүп,
Тууганым бар чай ичпеген көрүшүп.
Бул экөө тең эртең көзүм жумулса,
Буркурашат жалган көз жаш төгүшүп.
Көз көрсөтүп сынамакка келишет,
Көңүл улап, элди туурап кейишет.
Менсиз эле жашап жүргөн мурдатан,
Мен жок эле жыргап жашай беришет.
Бирок тирүү жүргөнүмдө тузактап,
Бирден кыркып шактарымды бутактап.
Баягы эмне болуп кетээр экен деп,
Бакылдашат бар күчүнчө ушактап.
Бул экөөнө куласам да баары бир,
Буттан чалса дешет бирөө дагы бир.
Аларга мен сунган менен ашымдын,
Ачуусу да, таттуусу да даамы бир.
Душманым бар учурашкан өбүшүп,
Тууганым бар чай ичпеген көрүшүп...
DİGƏR XƏBƏRLƏR
-
Xuraman Muradova - Hüzuru tapmışam
07 Sentyabr 2026, 15:46 -
Sündüs Arslan Akça - SORGU
07 Sentyabr 2026, 12:34 -
Leyla Mətin - Unutmaq...
07 Sentyabr 2026, 12:31 -
Xuraman Muradova - YARALANAR
06 Sentyabr 2026, 09:21 -
Aysel Nəsirzadə - Elə intəhasız darıxıram ki...
06 Sentyabr 2026, 09:14 -
Xuraman Muradova - Yolçu
06 Sentyabr 2026, 09:02 -
Gülzar Abla Bayatlı - Bir damlacık acı
06 Sentyabr 2026, 08:57 -
Sündüs Arslan Akça - Beterin Beteri
06 Sentyabr 2026, 08:53 -
Xuraman Muradova - Gözəlliyin nuru imandır
04 Sentyabr 2026, 07:11 -
Xuraman Muradova - Yaxşı İnsanlar
04 Sentyabr 2026, 07:06

